Өкмөт: Нарын облусунда 13 миң жумуш орду түзүлөт
Нарын облусунун Ат-Башы районунда өнөр жай соода-логистикалык борборун куруу иштери башталат. Бул туурасында КР өкмөт аппаратынан билдиришти.
Бул долбоор - президент Сооронбай Жээнбеков жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин буга чейин кол койгон макулдашуусунун жыйынтыгы.
Өкмөттүн билдиришинче, «соода-логистикалык борбордун ачылышы Нарын облусунун динамикалуу өнүгүшүн шарттайт жана 13 миң жумуш орду түзүлөт».
«Белгилей кетсек, өнөр жай соода-логистикалык борбордун жалпы сметалык баасы 280 млн АКШ долларды түзөт. Аталган борборду куруу менен аймакка инвестиция тартылат, өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын жана экспорттун көлөмү көбөйөт, социалдык жана инфраструктуралык маселелер чечилет», -деп айтылат маалыматта.
Маалымдама: Курулуштун башталышы менен республикалык бюджетке 43 миллион сом, жергиликтүү бюджетке 1 млн. 782 миң сом түшөт. Эгер соода логистикалык борбору ишке берилсе, Нарын облусу 7-8 жыл ичинде дотациядан чыгат.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: