06.06.2019 14:39

Өкмөт Туйгунаалы Абдраимовдун иш-аракетине баа берет

Өкмөт Туйгунаалы Абдраимовдун иш-аракетине баа берет

Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгунаалы Абдраимовдун журналистке кылган орой мамилеси жалпы аткаруу бийлигинин бутагына көлөкө түшүргөнү үчүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкүнүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымат таратты. 

«Премьер-министр мамлекеттик органдын башчыларын дайыма ачык, айкын болууга чакырат. Ал дайыма ачык, айкындуулук менен жарандардын ишенимин жогорулатса боло турганын белгилеп айтып келет. Бардык жагдайларды текшергенден кийин премьер-министр Абылгазиев Туйгунаалы Абдраимовдун иш-аракетине баа берүү маселесин карайт», - деп жазылат маалыматта.

Кечээ, 5-июнда Туйгунаалы Абдраимов Орок айылындагы жаңжал боюнча комментарий берүү учурунда журналист кыздын суроосуна жооп берүүдөн баш тарткан. Себебин сурагандарга «Ал журналисттин жүзү жагымсыз экен, мага жакпай калды», -деп жооп берген. Ошондой эле, «Ала-Тоо-24» журналисттерине гана жооп берерин кошумчалаган.

Бул тасма социалдык тармакта тарап, жеке эле журналисттердин эмес, соцтармак колдонуучуларынын кыжырын кайнаткан.

Бүгүн, 6-июнда ондогон журналист чогулуп, Чүй мамлекеттик администрациясына барышып, анын отставкасын талап кылышкан.