10.04.2019 12:57

"Өлбөс полк" жөө жүрүшүнө Бишкек шаардык кеңеши кийлигишүүдө

"Өлбөс полк" жөө жүрүшүнө Бишкек шаардык кеңеши кийлигишүүдө

Бишкекте Улуу Жеңиштин 74 жылдыгынын алкагында "Өлпөс полк" акциясына даярдыктар башталды. Бирок бул элдик демилгеге быйыл шаардык депутаттар кийлигишип жатат. Мэрияда жумушчу комиссиянын алгачкы кеңешмеси өттү. Ал эми "Өлбос полк" кыймылынын жергиликтүү координаторлору буга нааразы. Анткени бул иш-чаранын эл аралык уставын бузгандык болуп саналат. Мамлекеттик органдар жана саясий партиялар жүрүштүн идеясын колдоно албайт.