03.12.2018 17:57

Өлкөдө бензиндин баасы кымбаттап кетүү ыктымалдыгы жаралууда

Өлкөдө бензиндин баасы кымбаттап кетүү ыктымалдыгы жаралууда

Келерки жылдан баштап, бензин кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2019-жылга чейин өлкөбүзгө Орусиядан күйүүчү майларды салыксыз ташып келүү боюнча келишим ырасталбаса күйүүчү майлардын баасы 2-3 сомго кымбатташы мүмкүн.

«Күйүүчү майлар боюнча келишим 1-октябрга чейин ырасталышы керек болчу, бирок тиешелүү органдар бул ишти аткарган жок. Азыркы тапта күйүүчү майларды салыксыз ташып кирүү келишими жокко чыгып калуу коркунучу пайда болууда. Эгерде күйүүчү майлар салык менен киргизиле турган болсо, анда өлкөбүздө күйүүчү майлардын баасы 2-3 сомго кымбаттайт», - деп билдиришти ассоциациядан.