30.05.2018 13:51

Өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтордун 523 мүчөсү каттоодо турат

Өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтордун 523 мүчөсү каттоодо турат

Ушу тапта Кыргызстандын аймагында уюшкан кылмыштуу топтордун 523 мүчөсү каттоодо турганы белгилүү болду.  Бул тууралуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеӊеште өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жана аны чыӊдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат угулуп жатканда билдирди.

Башкы прокурордун айтымында, Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 3 ири уюшкан кылмыштуу топ бар, анын ичинде Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 424 мүчөсү, Алмаз Бокушевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 50 мүчөсү, Азиз Батукаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун 49 мүчөсү атайын каттоодо турат. Андан тышкары, аларга кошулбаган өзүнчө уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү да бар.

«2017-жылы ар кандай кылмыш иштери боюнча уюшкан кылмыштуу топтун 241 мүчөсү камалган, анын ичинде жогорку даражадагы уюшкан кылмыштуу топтун 3 мүчөсү бар. Ошондой эле, өткөн жылы уюшкан кылмыштуу топтун 129 мүчөсү каттоого алынды», - деп кошумчалады башкы прокурор.

Ал эми Дастанбек Бекешев баштаган бир катар депутаттар уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү боюнча мыйзам жакшы иштебей жатканын, кылмыштын алдын алуу чараларын күчөтүү, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн коомчулуктан ажырым кармоо зарылдыгын белгилешти. Депутаттардын пикиринде, уюшкан кылмыштуу топко мүчө болуунун өзү эле кандайдыр бир деӊгээлде кылмыш болуп саналат.