20.04.2018 16:05
Өлкөдөгү жакынкы дем алыш күндөрү аныкталды
Кыргызстан жарандары 30-апрель күнү иштешпейт. Бул күн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин токтому менен 28-апрелге жылдырылган.
Токтомго ылайык, 5 күндүк график менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекеме, ишканалардын кызматкерлери үчүн 28-апрель дем алыш күнү 30-апрель иш күнгө жылдырылат. Ал эми, 7-май дем алыш күнү (5-май дем алыш күнгө туш келип калгандыктан, дүйшөмбү дем алыш күн деп эсептелет) 3-сентябрдагы иш күнгө жылдырылат.
Ошентип, өлкө жарандары 30-апрелде жана 3-сентябрда эс алып, 28-апрелде жана 7-майда иштешет.
Башкы жаңылык
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: