19.09.2018 15:17

Өлкөгө аткезчилик жол менен күйүүчү-майлоочу май алып келаткан казак жараны кармалды

Өлкөгө аткезчилик жол менен күйүүчү-майлоочу май алып келаткан казак жараны кармалды

«Чалдыбар-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун (КӨП) чек арачылары Кыргызстанга мыйзамсыз 250 литр КММ алып кирүүгө далалат кылган казак жаранын кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

Казакстандын 1987-ж.т., С.С. аттуу жараны «Чалдыбар-автожол» КӨПкө  «Daimler Chrysler 313 CDI» маркасындагы автоунаада келген. Транспорт каражатын кароо учурунда чек арачылар автоунаанын алкактарынын ортосунда ичинде КММ бар жашырылган кошумча бакты табышкан.

Автоунаанын ээсинин жүккө карата коштоочу документтери жок болуп чыккан. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран табылган КММ менен кошо КР ЭККМК территориалдык бөлүгүнүн кызматкерлерине тапшырылган.