19.12.2018 13:35

Өлтүрүлгөн адамдын чөнтөк телефонун менчиктеп алган тергөөчүгө кылмыш иши козголду

Өлтүрүлгөн адамдын чөнтөк телефонун менчиктеп алган тергөөчүгө кылмыш иши козголду

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун прокуратурасы аталган райондук ИИБдин тергөөчүсү Э.С.га карата «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.  

Маалыматка караганда, тергөөчү уурдалып, кийин өлтүрүлгөн М.Р. аттуу жаран боюнча кылмыш ишти иликтөөнүн жүрүшүндө анын бир тууган иниси М.Б.дан маркумга таандык телефонду алган.

Бирок, Э.С. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, телефонду мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте өткөрүп алган эмес жана иштин материалдарына далил буюм катары кошкон эмес.

2018-жылдын сентябрында ИИМдин Тергөө кызматынын ага тергөөчүсү кызматына барганда да, өзүнүн мыйзамга туура келбеген ишин улантып, телефонду менчиктеп алып, өз кызыкчылыгында колдонгон.

Мыйзамдуу өкүл телефонду кайтарып берүү арызы менен Ысык-Ата районунун прокуратурасына кайрылган. Ошондо гана тергөөчү буюмду кайтарган.

Кылмыш иши УКМК Чүй облустук башкармалыгына андан ары териштирүү үчүн жиберилгени кабарланат.