09.04.2019 20:34

Өмүрбек Бабанов: Кыргызстанга келгенде, тергөөчүлөргө өзүм барып жооп берем

Өмүрбек Бабанов: Кыргызстанга келгенде, тергөөчүлөргө өзүм барып жооп берем

«Мен Кыргызстандан коркоктугуман качып кеткен жокмун», - деп билдирди Өмүрбек Бабанов бүгүн НТС телеканалына берген маегинде. Анын айтымында, коркок адам шайлоого катыша алмак эмес, фракция лидери боло алмак эмес жана оппозицияда жүрө алмак эмес. 

«Коркоктук менен акылмандуулуктун айырмасы - асман менен жердей. Мен келсем, менин 40-50 миңдей тарапташтарым чыкмак. Бирок,  менин айыман тарапташтарымдын жабыр тартып калышын каалаган жокмун. Менин кайтып келүү тууралуу билдирүүмдөн кийин Россиянын президенти Кыргызстанга расмий иш сапары менен келип кетти. Мен эч бир саясатчы Кыргызстандын ички иштерине сырткы күчтөрдү аралаштырбашы керек деп ойлойм. Ички саясатта бири бирибиз менен талашсак боло берет, бирок сырткы саясатта баарыбыз бир болушубуз керек. Мен эч качан Россиянын президентинин визитинин алдында бармак эмесмин. Андан кийин КСДПда талаш чыкты, бул да бүтөт, кудай буюрса жакында барам. Мен өз ыктыярым менен келатам. ,Мыйзамдууу түрдө сурагына барууга даяр болуп жатсам мени камап эмне кылат? Менин жактоочуларым тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп берүүгө даяр, өзүм керек болсом өзүм деле барам.», -деди Бабанов.

- Президенттик шайлоонун алдындагы Сооронбай Жээнбеков экөөңүздөрдү дебат элдин эсинде калган. Ошондо Сооронбай Шариповичтин “Коррупцияга каршы күрөштү сенден баштайм”, -деп айтканы бар. Ошол сөзгө байланыштуу жаңы кылмыш иши ачылып калуу ыктымалдуулугу барбы, кандай ойлойсуз?

- Шайлоо Кыргызстанда эле эмес, ар бир мамлекетте ушундай чоң күрөш менен өтөт. “Мен сени камайм”, - деген сөздөр ар бир мамлекеттеги оппоненттер тарабынан айтылып эле жүрчү сөз. Менин оюмча бул Сооронбай Шарипович тарабынан эмоция менен айтылган сөздөр болушу мүмкүн. Анткени, мен да эмоцияга алдыруу менен Сооронбай Шариповичке көп ачуу сөздөрдү айткам.
Азыр Бабановдун компаниялары салык төлөбөй жүрүптүр деген кептер айтылып жатыптыр. Мен Бакиевдин тушунда КСДПны колдоп, алдыңкы тизмеде шайлоого катышып жүргөн кезимде салык төлөөдөн качкан болсом, ошондо эле чукуп чыгышмак. Ошондуктан мен баарын ачык-айкын көргөзүп келем, ошол эле АКБ “Кыргызстан” банкын 25 млн. долларга сатып алганбыз. Менин оюмча Кыргызстандагы бүгүнкү бийлик, анын башында турган Сооронбай Шарипович мыйзам бузууга барбайт., -деди мурунку саясатчы. 

Анын айтымында, өзү саясаттан кетем деген убадасына турду. «Мен саясаттан кеттим деп айттым. 1 жылдан ашык мамлекетиме келген жокмун, убадамды аткардым. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин Он-Адыр боюнча ачылган иш дагы деле жабыла элек. Мени саясаттан өздөрү кое бербей жатышпайбы. Менин саясаттагы баскан жолумду карашса болот. Мен Бакиев бийлигине каршы чыкканда да, эч качан көтөрүлүшкө барган эмесмин», -деп билдирди Өмүрбек Бабанов. 

Ал эми, журналисттин «2005-жылдан бери саясаттасыз. Саясатта өз ордуңуз бар эле. Президенттик шайлоого катышканыңызга өкүнгөн жоксузбу?», -деген суроосуна: 

«Өкүнгөн жокмун. Бирок, өкүндүргөн кадамдар, туура эмес айтылган сөздөр бар. Шайлоодон кийин 1,5 жыл сыртта журуп, чыныгы дос ким экенин, жалган дос ким экенин, чыныгы партиялаш ким экенин сездим. Үч ай өзүмө келе албай, чоң стресс болдум. Досторум азайды, тарапташтарым азайды. Бирок, ошол мени менен калгандардын колдоосу мага чоң күч-кубат болду» - деди Бабанов. 

«Саясаттан кеттим дегениниз менен көпчүлүк сизди саясатчы катары кабыл алат. Мурдагы жана азыркы президенттин чыры баарына белгилүү. Сизди келсе, Сооронбай Жээнбековдун командасына кошулуп, өкмөт башчы болот деген сөз бар. Атамбаев менен биригет деген сөз бар. Буга эмне дейсиз?»-деген суроого

«Мен көрүп турам, экөөнү уруштуруп, андан өзүнүн саясатын жүргүзүп жаткандар бар. Мен үчүн эки кишинин кармашып атканы чоң өкүнүчтүү. Экөө тең бир топ кызматтарда иштеп, тажрыйбасы чоң, жашоонун сабактарын көргөн адамдар. Экөөнүн чатагы эч нерсеге алып келбейт. Экөөнүн башын бириктирген адам керек. Бирок, биригүү бул экөөнүн оюнда. Мен ким менен болоорумду билбейм, аны убакыт көрсөтөт.  Мен элимди сагындым, атамдын үйүн сагындым, айылымды сагындым. Тынч жашаганды каалап турган учурум», -деп жооп берди мурунку саясатчы. 

Ал эми, качан келерин так айткан жок.