19.08.2019 17:34

Өмүрбек Бабановду Каржы полициясы суракка алды. Кайсы иш боюнча?

Өмүрбек Бабановду Каржы полициясы суракка алды. Кайсы иш боюнча?

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматына суракка кирди. Бул тууралуу Бабановдун жакындарына таянып, Super.kg порталы жазып чыкты. 

Бирок кайсы иш боюнча суракка чакырылганы ачыкталган эмес. 

Kaktus.media күч түзүмдөрүндөгү булагына таянып, саясатчы Кыргызстандагы коммерциялык банктардын бири боюнча ачылган кылмыш иште сурак бергенин жазды. 

Эске салсак, 9-августта Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келген. Экс-депутат өлкөгө кайтарын жарыялаганда УКМК «Бабанов келсе мыйзам чегинде жоопко тартылат» деп билдирүү тараткан.