11.04.2019 12:01

Өмүрбек Бабановду Кыргызстанда эмне күтөт? Саясат талдоочулардын пикири

Өмүрбек Бабановду Кыргызстанда эмне күтөт? Саясат талдоочулардын пикири

Бабановду Кыргызстанда эмне күтүп турат? Божомолдор ар кандай. Бири Өмүрбек Токтогулович азыркы бийлик менен мамилесин оңдобой туруп, өлкөгө келүүсү мүмкүн эмес эле дешет. Ошол эле учурда ага карата козголгон кылмыш иши жабыла электигин да, эстен чыгарбаш керек дегендер да бар.

Президенттик шайлоого катышып, аламан байгеде экинчи келген саясатчынын кайтып келиши боюнча эксперттердин пикирин чогулттук.