12.04.2019 10:37

Өмүрбек Бабановдун инисин беш саат суракка алышты

Өмүрбек Бабановдун инисин беш саат суракка алышты

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы Өмүрбек Бабановдун иниси Жаныбек Мырзабаевди күбө катары 5 саат суракка алды. 

Маалыматка караганда, Мырзабаевге күбө катары сурак берүүгө чакыруу 10-апрелде саат 14:00дө Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келүү үчүн учакка билет сатып алганын маалымдагандан кийин келген.

«Өмүрбек Бабановго эки кылмыш иши козголгон экен. Ошого күбө катары сурады.  Сурак саат 15:30да башталып, саат 20:30да аяктады. Кылмыш иштин негиздерин сыртка айтпоо жөнүндө менден тил кат алды. Башкаларын айта албайм. Эртең саат 15:00гө кайра суракка чакырды», - деген ал.

Мырзабаев өзү сурак анын агасы Өмүрбек Бабановдун өлкөгө кайта тургандыгына карата жасалып жаткан басым болушу мүмкүн экенин белгилеген.