11.04.2019 09:19

Өмүрбек Бабановдун тарапташтары тынч митинг өткөрүшөт

Өмүрбек Бабановдун тарапташтары тынч митинг өткөрүшөт

Бишкекке келгенден кийин Өмүрбек Бабанов тынч митинг өткөрөт, ага 10 миң адамдын келүүсү күтүлүүдө. Бул туурасында «Республика» партиясынын төрагасы Айсулуу Молдожунуеванын мэр Азис Суркматовдун атына жазган катта айтылат. 

Анда иш-чара 13-апрель күнү саат 14:00дөн 20:00гө чейин Өкмөт үйүнүн жанындагы эски аянтта өткөрүлөөрү айтылат.  

«Ошондой эле, бул иш-чараны өткөрүүдө спикерлердин элге чыгып сүйлөөсү үчүн сахна, аппаратура LED-экран коюлаарын маалымдайбыз», -  деп жазылат кайрылууда. Катка партия төрагасы Айсулуу Молдожунуева кол койгон. 

Эскерте кетсек, Өмүрбек Бабанов ушул ишемби күнү, 13-апрелде учуп келмекчи.