09.08.2019 15:34

Өмүрбек Бабанов:Тергөөнүн бардык суроолоруна жооп берүүгө даярмын

Өмүрбек Бабанов:Тергөөнүн бардык суроолоруна  жооп берүүгө даярмын

«Тергөөнү кызыктырган бардык суроолорго жооп берем, суракка качан чакырышса, ошондо барууга даярмын». Мындай билдирүүнү Бишкекке бүгүн учуп келген Өмурбек Бабанов жасады.

Оппозициячыл саясатчынын учагы «Манас» аэропортуна саат 14:30 келип конду.  Манас-2 терминалынан чыгып, топтолгон тарапташтары менен учурашкан Бабанов аны аэропорттон чыгып баратканда эч ким аны текшербегенин билдирди. Ал эми журналисттерди кызыктырган суроолорго жакын арада чоң маалымат жыйын уюштуруп, жооп берээрин кабарлады.  

Эске салсак, кечээ Өмурбек Бабановдун Бишкекке кайтып келээри тууралуу маалымат чыккан соң УКМК анын эки кылмыш иши боюнча айыпталып жатканын эскерткен. Алардын биринчиси «Амир-Тимур» кичи районундагы чагымчыл билдирүүлөрү, экинчиси бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча козголгон иштер.