29.08.2019 16:40

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов үй камагына чыгарылды

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов үй камагына чыгарылды

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында жактоочусу Канат Хасанов жазып чыкты.

Бүгүн, 29-августта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда алардын баш коргоо чарасы каралды. Судья Айнура Сатарова Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду үй камагына чыгаруу чечимин чыгарды.

1-августта Жогорку Сот Текебаев менен Чотоновго карата чыккан соттук чечимдер жокко чыгарылып, жазык иш жаңы соттук териштирүү үчүн Биринчи Май райондук сотуна жиберилсин деген чечим чыгарган.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов «коррупция» боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Буга негиз болгон көрсөтмөнүн ээси Леонид Маевский Орусияда олуттуу кылмыш ишине шектелип камакка алынган.