03.05.2019 10:39, Аман Бакиров

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун тарапташтары митинг өткөрүп жатышат (фото)

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун тарапташтары митинг өткөрүп жатышат (фото)

Жогорку Соттун алдында Ата Мекен партиясынын кезектеги митинги өтүүдө, ага элүүдөй киши катышып жатат. Бул туурасында April.kg кабарчысы Аман Бакиров билдирди.

Топтолгондор фемида өкүлдөрүнөн Өмүрбек Текебаевди жана Дүйшөнкул Чотоновду эркиндикке чыгарышын талап кылышууда. «Жаңы кодекстердин ишке кириши менен абактагы саясатчылар бошотулушу керек»,-  дешет ата мекенчилер.

Алардын айтымында, сот реформасы ишке ашпай, жазылган мыйзамдар иштебей жатат. Ал ортодо нааразычылык акциясына катышкандар Жогорку Соттун имаратына кирүүгө аракет кылышты эле, алардын жолун милиция кызматкерлери тосушту. Ага нааразы болгон митингдин катышуучулары укук коргоо органдарынын өкүлдөрүн жаман сөздөр менен тилдешип, акаарат айтышты.

Белгилей кетсек бүгүн жогорку инстанция Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра карап жатат.