Өткүрбек Жамшитов башкы прокурорлукка дайындалды

Өткүрбек Жамшитов  башкы прокурорлукка  дайындалды

Өткүрбек Жамшитов Кыргыз Республикасынын башкы прокурору болуп дайындалды. Бул туурасында президент  аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты. 

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде кол койгон Жарлыкка ылайык, Жамшитов Өткүрбек Асилбекович Кыргыз Республикасынын башкы прокурору болуп дайындалды.