03.12.2018 15:24

Киши колдуу болгон прокурор: милиция эмне дейт?

Киши колдуу болгон прокурор: милиция эмне дейт?

Баткен облусунун прокурорунун өлүмү боюнча бир катар суроолор жаралууда. Апта бою облустук айыпттоочунун эс алуудан келатып каза болгону талкууга алынды. Бул иш боюнча бат эле тергөө ишинин жыйынтыгы да чыкты. Өзүлөрүнө керек болгондо органдар бат эле иштей калышат эмеспи. Прокурордун өлүмүнө шектүү деп анын жанында жургөн жергиликтүү башкармалыктын башчысын да кармашкан. Бирок каргашалуу күнү прокурордун орун басарлары да алар менен кошо аңчылыкка чыккан экен. А алар кылмышка шектүү катары кармалган эмес. Мындай ойду жактоочулар атышып, тергөө калыс жүргөн эмес деп чыгышты. Баткен облусунун прокурорунун көзүн тазалоо кимге керек эле?