19.02.2019 13:35

Өткүрбек Жамшитов: премьер-министрдин ордуна сүйлөгөн башкы прокурор

Өткүрбек Жамшитов: премьер-министрдин ордуна сүйлөгөн башкы прокурор

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовгө президент эскертүү берип, экинчи энергетика тармагына кийлигишпей, өз жумушун кыл деп айтыш керек деген демилгени укук коргочулар көтөрүштү. Бирок бул кадамга өлкө башчынын барышы күмөн. Анткени, башкы прокурордун электр энергиясынын баасына байланыштуу демилгеси - бийликтин саясий оппоненттерден өч алуунун бир планы, дешет серепчилер. Прокурор бийликтин буйругу жок же алар менен макулдашпай туруп энергетика боюнча ооз ачмак эмес.