20.07.2018 10:38

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 24 өрт кырсыгы катталды

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 24 өрт кырсыгы катталды

Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 24 өрт кырсыктары катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 25 бөлүм тартылган. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматтарынан билдиришти.

Чүй облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 4, Нарын облусунда- 3, Бишкек шаарында – 5, ал эми Ош,Талас, Ысык-Көл облустарында 1ден өрт кырсыктары катталган. Катталган өрт кырсыктарынын 90%ын талаадагы куураган чөптөрдүн өрттөнүшү түзгөн.

2018-жылдын 19-июль күнү саат 14:56 чамасында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Талаа тилкесинде ачык аянтта 40га куураган чөп күйгөн. Өрттү өчүрүүгө 15 куткаруучу, райондук ветеринардык башкармалыктан 4 кызматкер, райондук токой чарбасынан 4 кызматкер, Саймалуу-Таш коругунан 4 кызматкер, Сары-Булуң айыл аймагынан 25 адам, 7 жеңил унаа, 1 УТО-704 соколуу трактору, 1 ГАЗ-53 унаасы тартылган. Өрт саат 20:55те чектөөгө алынган. Өрттүн себеби азырынча белгисиз. 

Ошондой эле, 2018-жылдын 19-июль күнү саат 17:17 чамасында Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынын Токтогул көчөсүндө ачык аянтта 4 га куураган чөп күйгөн. Өрттү өчүрүүгө өрт куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм тартылган. Өрт саат 18:16 да чектөөгө алынып, саат 18:54тө толугу менен өчүрүлгөн.