15.02.2019 09:56

Өзбек жарандары чек арадан 119,5 миң сомдук жезди жашыруун өткөрүүгө аракет кылышкан

Өзбек жарандары чек арадан 119,5  миң сомдук жезди жашыруун өткөрүүгө аракет кылышкан

Баткендин Кадамжай районунда наркы 100 миң сомдон ашкан жезди жашыруун алып өтүүгө аракет кылган өзбек жарандары кармалды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан бүгүн, 15-февралда билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 12-февралында Кадамжай районунун Жаңы-Жер аймагында кыргыз-өз-бек мамлекеттик чек арасынан чек арачылар өлкө аймагына контрабандалык жол менен алынып келе жаткан жүктү аныкташкан.

Өзбек жарандары аны көзөмөл пунктунан сырткаркы аймактан алып өтүүгө аракет кылышкан.  Чек арачылар байкап калганда шылуундар унаасын таштап, Өзбекстан аймагына кире качышкан. 

Автоунааны текшерүү маалында 8 капта салынган жалпы салмагы 365 килограммды түзгөн, наркы 119,5 миң сомдук жез табылган. 

Тиешелүү документтерди толтургандан кийин жүк УКМКнын Баткен облусундагы кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.