08.08.2018 09:10

Өзбекстанда 101 жаштагы карыя Меккеге кетти

  Ажылык-2018 (1 материал)
Өзбекстанда 101 жаштагы карыя Меккеге кетти

Өзбекстандын Наманган облусунун тургуну, 101 жаштагы Ибрагимджон бобо Ходжаев ажылык зыярат кылып келүүгө аттанды. Бул туурасында өлкөдөгү Мусулмандар диний башкармалыгынан билдиришкен. 

Карыя учурда Меккеге келгени белгиленет.  Ходжаев зыяратчыларга жогорку деңгээлде көңүл бөлүнөөрүнө ыраазы болду.  Ал 11 баланын атасы жана 70тен ашык небере-чөбөрөсү бар.

Быйыл Өзбекстандан 7,2 миң зыяратчы Меккеге барат.  Алардын акыркы тобу 13-августта учат. 

Ал эми, кыргызстандык зыяратчылардын акыркы тобу кечээ, 7-августта ыйык Мекке шаарына учуп кетти.