10.09.2019 17:54

Өзбекстанда аял эки ымыркайды төрөт үйүнүн терезесинен ыргытып жиберди

Өзбекстанда аял эки ымыркайды төрөт үйүнүн терезесинен ыргытып жиберди

Өзбекстанда жаңы төрөгөн аял эки ымыркайды төрөт үйүнүн терезесинен ыргытып жиберди. Бул туурасында өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди, деп жазат Ca-News.org.

Маалыматка караганда, 9-сентябрь күнү саат 4:30 чамасында Наманган райондук төрөт үйүнүн арткы короосунан бир жума мурун төрөлгөн эки ымыркай табылган. Бөбөктөр тирүү болгондуктан, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, бирок дарыгерлердин аракетине карабастан, чарчап калышкан.

Окуяны иликтөөдө аларды Д.Х. аттуу аял ыргытып жибергени аныкталган. 9-сентябрь күнү таңкы саат 3:30 чамасында ал 2-сентябрь күнү бутунун кемтиги менен төрөлгөн өз кызы жаткан палатага кирип, аны 2-кабаттан тышка ыргытып жиберген. Аны менен бирге ошол эле палатада жаткан башка ымыркайды да ыргыткан. Жыйынтыгында эки бөбөк тең олуттуу жаракат алган.

Прокуратура бул факт боюнча «Атайылап киши өлтүрүү» жана төрөт үйүнүн жооптуу адамдарына карата «өзүнүн кесиптик милдеттерин так аткарбоо» беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Аял камакка алынды.