04.12.2018 11:05

Өзбекстанда аялдардын жумуш убактысын кыскартуу сунушталды

Өзбекстанда аялдардын жумуш убактысын кыскартуу сунушталды

Өзбекстанда аялдардын жумуш убактысын кыскартуу сунушталды. Бул туурасында anhor.uz маалымат порталы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Олий Мажлис мыйзам чыгаруучу палатасынын депутаты Алишер Кодиров аялдардын  жумуш күнүн 2 саатка кыскартып, 6 саат кылууну сунуштоодо. Анын айтымында, учурда аялдар эркектер менен тең жарышып иштеп жатат. Буга кошумча, алар үйдөгү иштер менен алек болуп, балдарды тарбиялаш керек.  

Мындан сырткары, аялдардын да эс алууга убактысы болушу керек. Үй-бүлөлөрдүн 55 пайызы жубайлардын ортосунда ар дайым болуп турган чатактан улам ажырашат. Экөө тең күн бою иштеп чарчашып, жыйынтыгында ар кандай пикир келишпестиктер пайда болот.
 
«Аялсыз үй-бүлөнү бекемдөө мүмкүн эмес. Биз эмгек ченемдерин кайра карап чыгыш керек. Аялдар саат 16:00гө чейин гана иштеш керек. Ошондо ал балдарына жана күйөөсүнө убакыт бөлө алат. Бул жубайлардын ортосундагы мамилеге жакшы таасир этет», -деп билдирди эл өкүлү.  

Эскерте кетсек, өлкөнүн Эмгек кодексине ылайык, өзбекстандыктар күнүнө орто эсеп менен алганда 8 сааттан иштешет.