25.04.2018 17:55

Өзбекстанда Куранды жатка мыкты окуган адам президенттен белек алды

Өзбекстанда Куранды жатка мыкты окуган адам президенттен белек алды

Өзбекстанда өткөн Куран окуу таймашынын башкы байгеси Каракалпакстандын жашоочусу Юлдашбек Нуриддиновго ыйгарылды. Бул туурасында өлкөнүн мусулмандар башкармалыгына таянып, аталган сайт билдирет. 

«Конкурстун жеңүүчүсүнө президенттин атынан Lacetti автоунаасы берилди.  Ошондой эле, «Куранды эң ырааттуу окуу» жана «Эң жаш катышуучу» номинациялары боюнча жеңүүчүлөр тандалды,» - деп айтылат билдирүүдө.

Куранды окуу боюнча ачык конкурс өлкө президенти Шавкат Мирзиёев тарабынан  жыл башында демилгеленген.  Ал эки номинация менен  өттү: Куранды барактан ыраатына келтирип окуу жана Куранды жатка окуу.  Таймашка катышуу үчүн 5 миң 366 адам катталган, анын ичинде 2 миңден ашыгы аялдар.