24.05.2018 16:25

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тик учак сатып алат

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 10 миллион долларга жаңы эки тик учак сатып алат. Буга чейин маалымат каражаттарында тик учактын ар бирин 10млн доллардан ала тургандыгы жөнүндө маалымат тараган болчу. Ал эми ӨКМдин жалгыз тик учагы эски болгондуктан оңдоп-түзөөдөн өтпөй беш жылдан бери токтоп турат. Өзгөчө кырдаалдарда куткаруу, издөө иштерине байланыштуу Россия, Германия жана Францияда чыгарыла турган вертолёттордун мүнөздөмөлөрү каралып, тандалууда.Талаптар Кыргызстандын тоолоруна, аба-ырайынын шартына ылайык келиши керек.