24.09.2018 13:00

Өзгөндө үй тиричилик техникаларын саткан дүкөндүн кампасы өрттөндү

Өзгөндө үй тиричилик техникаларын саткан дүкөндүн кампасы өрттөндү

Өзгөн шаарында үй тиричилик техникаларын саткан дүкөндүн кампасы өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. 

Кырсык 2018-жылдын 23-сентябрь күнү саат 11:42 чамаларында болгон. Ош облусунун Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан «Үй тиричилик техникалары» дүкөнүнүн кампасындагы 20 даана муздаткыч жана кир жуугуч машиналар күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө 3 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, өрт саат 13:11де чектөөгө алынып, 14:00дө толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.