26.08.2019 18:30

Өзүңүздү ишенимдүү кармаңыз. Эгер сизди суракка чакырса, эмне кылуу керек?

  Пайдалуу кеңештер (1 материал)
Өзүңүздү ишенимдүү кармаңыз. Эгер сизди суракка чакырса, эмне кылуу керек?

Өлкөдөгү акыркы саясий окуяларды карап туруп, эртели-кечпи сизди укук коргоо органдарына күбө же шектүү катары суракка чакырбайт деп ишенимдүү айтууга болбойт. 

Мындан улам, April.kg журналисттери жактоочу Нурбек Токтакунов жана аты-жөнүн сыр калтырууну суранган прокуратуранын мурунку тергөөчүсү менен суракка чакырылган учурда өзүн кандай алып жүрүү боюнча бир катар кеңештерди жана түшүндүрмө даярдадык. 

Сурак канча убакытка созулушу керек?

Суракты 4 сааттан бир күндө эки жолу жүргүзсө болот. Бирок эки сурактын ортосунда тамактанып жана эс алып алууга бир сааттай убакыт берилиши талап. Сурак бир күндө эки жолудан ашык жүргүзүлбөш керек. Ошондо 4+1 (түштөнүү) +4=ашып кетсе 9 саат. 

Процедура боюнча  укук коргоо органдарынын тергөөчүсү сизге суракка чакыруу жөнөтөт. Ал баракчада кайсы күнү, саат канчага жана кайсы дарек боюнча келериңиз, ошондой эле, тергөөчүнүн аты-жөнү болушу шарт. Бирок сизге телефон чалып деле чакырышы мүмкүн. Бул мыйзамга каршы келбейт.  

Эгер сиз иш боюнча күбө катары өтүп жатсаңыз, сиздин укуктарыңыз... 

Эсиңизде болсун: Жактоочуңуз жок суракка барбай кое аласыз. Эгер коргоочуңузду ала барууга мүмкүнчүлүгүңүз болсо, сөзсүз колдонуңуз. Анткени, суракта айтылган ар бир сөз сизге каршы колдонулушу мүмкүн. Кесипкөй юрист тергөөчүлөргө мыйзамды бузуп, сизди чаташтырып, коркутуп-үркүтүүгө жол бербейт. Мындай аракеттер болбойт деп айта албайбыз. 

Эгер сизди күбө катары чакырса, бирок сизден шектенип жатканын сезип жатсаңыз... 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүнөн, же башка кыйыр белгилер аркылуу сизди күбө макамынан шектүү макамына которууну көздөп жатышканын байкап калдыңыз дейли. Мындай учурда, укук коргоо органдары сизди ойнотуп, күбө катары сурап жатканы эсиңизде болсун, анткени, мыйзам боюнча шектүүгө караганда күбө азыраак укукка ээ. Мисалы:

  • Сиз көрсөтмө берүүдөн баш тарта албайсыз; 
  • Сиз жалган көрсөтмө бергениңиз үчүн жоопкерчилик алып жүрөсүз.

Шектүү макамы сизге көбүрөөк «артыкчылык» берет. Сиз өзүңүзгө каршы күбө өтпөсөңүз болот, көрсөтмө берүүдөн баш тарта аласыз, жалган маалымат үчүн жазаланбайсыз. 

«Адам бардык макамда өзүнө жана жакындарына каршы көрсөтмө берүүдөн баш тарта алат».

Бирок сурак учурунда психологиялык кырдаал иштеп кетерин унутпаш керек. Сиздин телефонуңузду, же документтериңизди тартып алса, өз эркиңиз менен чыгып кете албасаңыз, жалган маалымат үчүн коркутуп-үркүтүшсө, стресстен улам тергөөчүгө жок нерсенин баарын айтып коюшуңуз мүмкүн, мунун баары кийин сизге каршы колдонулат. Мындай абалда турсаңыз сизди оңой эле колдонуп кетишет. 

«Алар [тергөөчүлөр] психологиялык басым жасоону мыкты өздөштүрүшкөн». 

 

Эгер сиз шектүү болсоңуз...
Эгер сизди күбө катары чакырышса, бирок күмөндүү суроолорду берип, телефонуңузду текшерип, же ажаатканага дагы коштоочу менен жөнөтүп жатса, сиз шектүүлөрдүн катарында болушуңуз толук ыктымал.   

Эң башында эле сизди эмне кылууга шектелип жатканыңызды түшүндүрүп берүүлөрүн талап кылыңыз. Көп суроолорго кылдат кеңешүүдөн кийин гана жооп берүү -  орундуу. Ашык нерсе айтып албаш үчүн сөздү токтотуп, жактоочунун келишин күтүңүз.

«Шектүү үн катпай коюуга - укуктуу». 

 

Тергөөчүгө кандай мамиле кылуу керек?

Юристтердин айтымында, оройлонбой, сый менен кайрылуу керек. Бул жерде, тергөөчүлөр мамлекеттик кызматкерлер экенин, мыйзам боюнча алар коомго кызмат кылышы керектигин түшүнө билүү -маанилүү.  

«Жаран укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен өзүн жана башка адамдарды сыйлаган кожоюн катары алып жүрүшү керек. Жакшы жумуш берүүчү өзү жумушка алып жаткан киши менен кантип сүйлөшөт - орой сөздөрсүз, кадыр-баркын сактоо менен. Эгер сиздер жагалданып баштасаңыздар, алар дароо мойнуңузга минет. Бирок кагып-силкүү да туура эмес, анткени алар өз жумушун кылып жатат», - деп түшүндүрөт Нурбек Токтакунов.

Бул да өзүнчө бир психологиялык оюн  – эгер сиз өзүңүздү ишенимдүү кармап, укуктарыңызды билериңизди көрсөтсөңүз, көп учурда тергөөчүлөр мыйзамсыз иш-аракеттерге баруудан карманышат. 

Мени жөн гана маекке чакырышты. Ал эмне?

Бул ыкчам-иликтөө ишинин бир түрү. Кыскача айтканда, ачыла элек кандайдыр-бир иш боюнча тергөөчү материал топтоп жатат деген сөз. 

Ал сиз менен сүйлөшө алат, бирок бул мажбурлоо түрүндө эмес, сиз сүйлөп бергенден баш тартсаңыз болот, же башка жактан жолугууну сунуштай аласыз - балким, балдар аянтчасынан, же кафеден.