26.12.2019 11:34

ӨКМдин алдындагы «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» агенттигинин башчысы киши колдуу болуп, каза тапты

ӨКМдин алдындагы «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» агенттигинин башчысы киши колдуу болуп, каза тапты

Ош облусуна караштуу Өзгүр айылында ӨКМнын алдындагы «Сел жана суу ташкындарынан коргоо» агенттигинин башчысын өлтүрүп кетишти. Маалыматты 24.kg агенттиги Ош ШИИББга таянып жазып чыкты.

«Милицияга тез жардам кызматы кабар берген. Эркек киши октон жаракат алган. Ал эми ок чыгарган киши качып кеткен», — деп айтылат маалыматта.

Каза болгон жарандын короосунан гильза табылган. Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча катталган.