04.07.2018 15:26

Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен аял изделүүдө

Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен  аял изделүүдө

Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 40-45 жаштагы аял изделүүдө. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

2018-жылдын 4-июль күнү саат 12:40 чамасында Чүй облусунун Москва районунда, алдын ала маалымат боюнча, Садовое айылында Чоң Чүй каналына 40-45 жаштагы аял чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн жерине КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 7 куткаруучу тартылды.