18.02.2020 09:00

Өмүрбек Бабанов каржылоосун токтотуп, "Республика" партиясынан биротоло кол үздү

Өмүрбек Бабанов каржылоосун токтотуп, "Республика" партиясынан биротоло кол үздү

Өзү туптөгөн саясий партияны жакында эле партиялашына торлугу менен өткөрүп берген Өмүрбек Бабанов “Республика” партиясын каржылабай калды. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште “Республика” фракциясынан депутат Кенжебек Бокоев «Азаттык» радиосуна билдирген.

Анын айтымында, партиянын экс-лидери Өмүрбек Бабанов саясаттан жана төрагалыктан кетип, партияны каржылоого да катышпай калган.

«Ушундан улам биз «шайлоого катышабыз» деп так айта албай турабыз. Себеби айрым партиялар курултайын өткөрүп, саясий кампанияларын баштап коюшту. Биз бир аз такалып турабыз. Биздин жаңы лидерибиз жаш, азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. 120 талапкерди тандап чыгуу өтө кыйын», — дейт ал.

Кенжебек Бокоевдин маалыматына караганда, "Республика" шайлоого башка партиялар менен кошо баруу маселесин карай элек. Ал эми жергиликтүү шайлоолордон партия Каракол шаар кеңешин шайлоого катышууну чечкен.

"Балыкчы сүйлөшүлүп жатат, Ошко быйыл жетишпей калдык" -деди Бокоев.

"Республика" партиясы мурдагы чакырылыштагы парламенттик шайлоого "Ата Журт" партиясы менен тандемде "Республика - Ата Журт" деген аталышта катышкан.

Партиянын лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодо утулган соң, өлкөдөн чыгып кеткен. Кийинчерээк ал саясаттан кеткенин жарыялап, былтыр 24-декабрдагы курултайда партиянын лидерлигин да Мирлан Жээнчороевге өткөрүп берген.