17.03.2020 17:13

Шайлоо-2020: Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өзгөчө кырдаал киргизилсе жылдырылышы мүмкүн

Шайлоо-2020: Жергиликтүү кеңештерге шайлоо өзгөчө кырдаал киргизилсе жылдырылышы мүмкүн

Жергиликтүү кеңештерге шайлоону өзгөчө кырдаал режими жана аскердик абал киргизилгенде гана жылдырса болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык штаттык режимде жүрүүдө. Учурда үгүт иштери өткөрүлүүдө.

«30 жергиликтүү кеңеште 216 участка жана 19 аймактык шайлоо комиссиясы түзүлүп, учурда иш алып барууда. Шайлоо тилкелерине жарандар келип өзүнүн тизмелерин тактоодо. Тиешелүү деңгээлде өзүн коргой турган медициналык жабдыктар менен камсыздоо боюнча республикалык штабга билдирүүлөрдү бердик», — дейт ал.

БШКнын төрайымынын орун басары белгилегендей, мыйзамга ылайык, шайлоо өлкөдө өзгөчө кырдаал режими жана аскердик абал киргизилгенде гана жылдырылат.

«Шайлоону жылдыруу боюнча чечим өкмөт тарабынан кабыл алынат. Учурда өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу болгондуктан шайлоо өз учурунда өтөт деп ойлойм», — деди Бекматов.

Эскерте кетсек, жергиликтүү кеңештерге шайлоо 12-апрелде өтөт.