24.01.2020 10:04

Өз ымыркайын 5 миң АКШ долларына баалап, сатканга аракет кылган келин кармалды

Өз ымыркайын 5 миң АКШ долларына баалап, сатканга аракет кылган келин кармалды

Ымыркайды 5 миң долларга баалап, сатууну көздөгөн аялдар эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Малыматка ылайык, милицияга 20-январь күнү Өзгөн районундагы төрөт үйүндө аял өзүнүн жаңы төрөлгөн баласын сатууну көздөп жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Белгилүү болгондой, жаңы төрөлгөн наристесин сатууга аракет кылган жаран  23 жаштагы Өзгөн шаарынын тургуну. 21-январь күнү келинге бала сатууга көмөктөшкөн, мурда сот жообуна тартылган Ош шаарынын 45 жаштагы тургуну ымыркайды 5000 АКШ долларына баалап, соодалашып жаткан учурда кармалган.

Кармалган эки аял Жазык кодексинин 171-беренесинин («Кишилерди соода кылуу») 2-3-бөлүмдөрү менен шек саналып Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Шектүүлөрдүн бөгөт чарасы каралып, ымыркайдын энеси ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылып, ортомчу болгон аял эки айга камакта калды.