27.03.2020 12:39

Өз өмүрүнө кол салган. Ошто жаш келин асынып алды

Өз өмүрүнө кол салган. Ошто жаш келин асынып алды

Ош шаарында 22 жаштагы келин өз өмурүнө кол салып, каза болду.  Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирет. 

Маалыматка караганда окуя кечээ, 26-мартта катталган. Түнкү саат 00:30 чамасында Ош ШИИБге Кеңеш айылынын 1997-жылы туулган тургуну И.Э. өз үйүндө асынып каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам иликтөө тобу окуя болгон жерге барып, керектүү далил буюмдарды чогулткан. Окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Ош шаарындагы соттук-медициналык экспертиза бюросу билдиргендей, каза болгон келиндин денесинде жаракаттар байкалган эмес. Мойнунда асынып алган жиптин гана изи болгон. И.Э.нин сөөгүн кечээ, 26-мартта жакындары Баткен облусуна алып кетишкен.

И.Э. Ош шаарына 2019-жылдын ноябрь айында келин болгон. Жолдошу менен жашаганына 5 гана ай болгон.