30.04.2020 10:05

Өзгөчө абал алынгандан кийин бала бакча жана мектептер ачылбайт

Өзгөчө абал алынгандан кийин бала бакча жана мектептер ачылбайт

Кыргызстанда өзгөчө абал аяктаган соң бала бакча жана мектептер ачылбай турганын Республикалык штабдан билдиришти. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу окуучулар экзаменди онлайн түрүндө тапшырышат. Окуучулар окуу жылын дистанттык режимде бүтүрөт.

Ал эми Жалпы республикалык тестирлөөнү онлайн режиминде тапшыруу мүмкүн эместиги белгиленет. Карантин бүткөндөн кийин мурдагыдай шарт менен эле уюштурулат. Жогорку окуу жайларга кабыл алуу дагы ЖРТнын жыйынтыгы чыккандан кийин башталат.

Мекемелер өлкө боюнча жарыяланган өзгөчө кырдаал алынгандан кийин иштеп баштайт деп маалымдалат. Өзгөчө абал менен өзгөчө кырдаал режимдерин алуу мөөнөтү эпидемиологиялык абалдын турукташына жана оорунун басаңдашына жараша болот.

Эске салсак, учурда өлкөдө окутуу онлайн өтүп жатат.

Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.