30.03.2020 11:16

Өзгөчө абал: Бишкекте уруксат кагаздын электрондук түрү бериле баштайт

Өзгөчө абал: Бишкекте уруксат кагаздын электрондук түрү бериле баштайт

Өзгөчө абал учурунда шаарда жүрүү үчүн уруксат кагазы (пропуск) Бишкектин Биринчи май, Ленин, Октябрь жана Свердлов РИИБде берилип жатат. Бүгүнтөн баштап уруксат кагаздары электрондук ыкма менен бериле баштайт. Бул тууралуу шаардын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн брифингде билдирди. Анын айтымында мындай кадам- коопсуздукту сактоо жана жарандарга шарт түзүп берүү максатын шарттайт.

«Санариптештирүүнүн алкагында өткөрмө берүү боюнча электрондук тутум ишке киргизилип жатат. Эми үйдөн чыкпай эле өткөрмө алууга болот. Ошондой эле, 1312 ыкчам байланыш телефон номуру иштеп жатат», - деди Алмаз Орозалиев.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.

Кыргызстанда коронавирус жалпы 84 адамдан табылды. Учурда үчөөнүн абалы оор.