05.04.2020 11:56

Өзгөчө абал: Бишкекте жасалма өткөрмө кагазын колдонгон 26 факт катталды

Өзгөчө абал: Бишкекте жасалма өткөрмө кагазын колдонгон 26 факт катталды

Калаада өткөрмө кагаздарын туура эмес колдонгон 26 факт катталып, учурда тергөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

«Электрондук система аркылуу өткөрмө берүү боюнча бир сутка ичинде 1468 кайрылуу болду, анын 72си жактырылды. Ал эми 2 сутка ичинде 11000 кайрылуу болду. Өткөрмө кагаздарын туура эмес колдонгон 26 факт катталып, учурда тергөө иштери жүрүүдө», – деди Бишкек шаарынын коменданты А.Орозалиев.

Эске салсак, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.