06.04.2020 11:20

Өзгөчө абал: Коменданттык саат учурунда 66 адам кармалды

Өзгөчө абал: Коменданттык саат учурунда 66 адам кармалды

Түндө коменданттык саатты бузган 66  адам кармалды. Бул тууралуу Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

"Бишкек шаарында өткөн сутка ичинде коменданттык саатты 66адам бузган. Алардын ичинен, 60 эркек, 6 аял. Арасында 1 өспүрүм жана 1 чет элдик жаран бар", - деди Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев.

Эске салсак, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.