30.03.2020 09:20

Өзгөчө абал: Коменданттык саат учурунда канча адам кармалганы айтылды

Өзгөчө абал: Коменданттык саат учурунда канча адам кармалганы айтылды

Түндө коменданттык саатты бузган 122 адам кармалды. Бул тууралуу Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

“Өткөн суткада саат 7:00гө чейин борбор калаада 122 тартип бузган жаран кармалды. Алар 23 аял, 97 эркек, анын ичинде 2 чет элдик жаран жана 2 өспүрүм. Коменданттык саат киргизилгенден бери жалпы 739 адам кармалган”, - Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев.

Эске салсак, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.