02.04.2020 11:25

Өзгөчө абал: Көчөдө жүрүүгө уруксаат берген кагазды сатууга аракет кылган милиционер кармалды

Өзгөчө абал: Көчөдө жүрүүгө уруксаат берген кагазды сатууга аракет кылган милиционер кармалды

Бишкекте милиция кызматкери өзгөчө абал учурунда тоскоолдуксуз жүрүүгө уруксат берүүчү өткөрмө кагазын мыйзамсыз жазып берүүгө шектүү катары камакка алынды. Бул тууралуу 2-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери акча алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү.

“Ал жеке компаниялардын биринин өкүлүнөн санитардык жана блок посттордон өтүүгө уруксат берүүчү өткөрмө жазып берем деп, пара талап кылган”, - деп билдирет УКМК.  

Сотко чейинки өндүрүш Жазык кодексинин "Пара талап кылуу" беренеси менен козголду. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

25-марттан 15-апрелге чейин Кыргызстанда коронавирусту жайылтпоо максатында өзгөчө абал жарыяланган.