24.03.2020 09:39

Өзгөчө кырдаал бүттү. Өлкөгө өзгөчө абал киргизилди

Өзгөчө кырдаал бүттү. Өлкөгө өзгөчө абал киргизилди

Президент Сооронбай Жээнбеков парламент төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев жана Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолукту.

Анда өлкө башчы коронавирустун айынан дүйнөдөгү жана биздеги кырдаалга байланыштуу өлкөгө өзгөчө абал киргизүү чечими кабыл алынганын билдирди.

Өзгөчө абал Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондоруна, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна киргизилет.

Өзгөчө абал 25-мартта 8:00дөн 15:апрелге чейин киргизилет. Аты аталган аймактарда жана шаарларда комендатуралар түзүлдү.

Тийиштүү жарлыкка кол коюлуп, Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү.