03.02.2020 10:12

Өзгөндө автокырсыктын айынан 7 киши өрттөнүп кетти

Өзгөндө автокырсыктын айынан 7 киши өрттөнүп кетти

Өзгөн районуна караштуу Мырзаке айылында автокырсык 7 кишинин өмүрүн алды.  Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, 3-февраль күнү 03:30 чамасында аталган айылындын Жээнбеков көчөсүндө Lexus ES300 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай электр мамычасын сүзүп, өрт чыккан.

«Өрт саат 04:18де чектөөгө алынып, саат 04:35те толук өчүрүлгөн. Өрттү өчүргөндө унаанын ичинде 7 кишинин жансыз денелери табылган», — деп маалыматта айтылат.

Учурда, каза болгондордун, аты-жөнү такталууда.