04.02.2020 11:16

Өкмөттө кадр саясаты катуу жүрүүдө. Бирок орун алмашуудан көйгөй чечилеби?

Өкмөттө кадр саясаты катуу жүрүүдө. Бирок орун алмашуудан көйгөй чечилеби?

Премьер-министр Мухаметкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана сот-укуктук маселелер комитетине кол алдындагы аткаминерлердин орун алмашуусу боюнча сунушун киргизди.

Вице-премьер Замирбек Аскаров кызматынан бошотулуп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектөөгө жөнөтүлүүдө. Анын ордунда Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун директору Эркин Асрандиев келип, өкмөттүн финансы-экономикалык маселелерине жана ЕАЭБтин алкагындагы иштерге толугу менен жооптуу болот.

Ал эми  Жеңиш Разаковдун ыйгарымдары азайып, анын башкы иши  чек ара маселеси болот. 

Өкмөт башчынын маалыматына караганда, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров 3-февралда кызматынан бошотууну өтүнгөн арыз менен президентке кайрылган. Премьер-министр Аскаровдун талапкерлигин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине сунуш кылган.