25.04.2020 14:18

Сооронбай Жээнбеков: Экономикалык ишмердүүлүктү этап-этабы менен жандантуу зарыл

Сооронбай Жээнбеков: Экономикалык ишмердүүлүктү этап-этабы менен жандантуу зарыл

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-апрелде, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту.

Өлкөдөгү азыркы эпидемиологиялык кырдаал, мамлекеттик органдардын экономикалык терс кесепеттерди азайтуу жана аны жеңип чыгуу жаатындагы ишмердүүлүгү, ошондой эле постпандемиялык мезгилге биринчи кезектеги пландар боюнча пикир алышуу болду.

Мамлекет башчысы айрым региондор жана жалпы республика боюнча эпидемиологиялык кырдаалдын мындан аркы өнүгүшүнө жараша экономикалык ишмердүүлүктү этап-этабы менен жандантуунун ар кандай варианттары каралышы керектигин айтты.

Ошону менен бирге Президент Сооронбай Жээнбеков мындан ары дагы, өзгөчө инфекция менен ооруп жаткандар көп катталган аймактарда бардык карантиндик-санитардык талаптар кынтыксыз сакталышы зарылдыгына көңүл бурду.

COVID-19 вирусун жуктуруунун жалпы саны 665 кишиге жетти. Ичинен 174 киши медицина кызматкерлери. Учурда 312 киши бейтапканада, жаран кайра жандандыруу бөлүмүндө. Коронавирустан бүгүнкү күнгө карата 345 жаран айыгып чыкса, 8 киши илдеттен көз жумган.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда саат 21:00 – 06:00 аралыгы коменданттык саат.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.