17.05.2020 14:42

№1 тергөө абагынын жана №27 колониянын кызматкерлери коронавирус жуктуруп алган

№1 тергөө абагынын жана №27 колониянын кызматкерлери коронавирус жуктуруп алган

№1 тергөө абагынын жана №27 колониянын төрт кызматкери коронавирус инфекциясын жуктуруп алган. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

" Төрт кызматкерден COVID-19 инфекциясы аныкталды. Алар учурда Бишкектеги республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында дарыланып жатышат. Абалдары жакшы. Алар менен байланышта болгон бардык адамдар лабораториялык иликтөөдөн өткөрүлүп жатат, абал көзөмөлдө",-деди министрдин орун басары.

Буга чейин, Молдовановка айылындагы №27 колониянын бир кызматкеринен жана №1 тергөө абагынвн бир кызматкеринен вирус табылганы айтылган. Бирок жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул маалыматты четке каккан.

Ошондой эле Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандардын жактоочулары коңгуроо кагышкан. Анын ичинде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев №1 тергөө абагында оорунун белгилери байкалып жатканын билдирген. Тергөө изоляторундагы башка айыпталуучулар дагы ооруп жатканын айткан. Бирок коронавируска тапшырылган анализ жыйынтыгынан вирус табылбаганы маалымдалган болчу.

Кыргызстанда жалпысынан күч түзүмдөрүнүн 65 кызматкери коронавирус илдетин жуктурган, алардын басымдуу бөлүгү милиция кызматкерлери экенин Үсөнбаев белгиледи.

Белгилей кетсек, учурда өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 1138 кишиге жетти. 804 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. 14 адам көз жумган.