10 бейтап оор абалда. Беш киши реанимацияда. Коронавируска чалдыккандардын абалы

10 бейтап оор абалда. Беш киши реанимацияда. Коронавируска чалдыккандардын абалы

Коронавируска чалдыккан кыргызстандыктардын ичинен 10 киши оор абалда. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде коронавируска каршы туруу боюнча Республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка караганда, стационарларда 246 бейтап жатат, алардын ичинен 10 адам оор абалда жана анын ичинен бешөө реанимацияда.
Ооруга чалдыккандардын жаш-курагы:

  • 15 жашка чейинкилер – 30, анын ичинен бир жашка чейинки эки наристе
  • 16 жаштан 19 жашка чейин – 11
  • 20 жаштан 35 жашка чейин – 71
  • 35 жаштан 55 жашка чейин – 101
  • 55 жаштан улуулар – 67

Бүгүн, 9-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 280 кишиге жетти.  Ичинен 34 адам медицина кызматкерлери.

Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышынын алдын алуу максатында Коопсуздук кеңешинин чечими менен жалпы билим берүүчү мектептердин окуучулары 16-марттан баштап эс алууга таратылган. Республика боюнча 18-марттан тартып өзгөчө кырдаал, ал эми коронавирус катталган айрым аймактарга 25-марттан баштап өзгөчө абал киргизген.

Ал эми 25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.