30.04.2020 13:10

10-майга чейин! Жогорку Кеңеш өзгөчө абалды узартуу боюнча президенттин жарлыгын бекитти

10-майга чейин! Жогорку Кеңеш өзгөчө абалды узартуу боюнча президенттин жарлыгын бекитти

Жогорку Кеңеш өлкө башчынын 2020-жылдын 28-апрелдеги №80 «Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыгын бекитти. Тишелүү токтом бүгүн, 30-апрелде парламент жыйынында кабыл алынды.

Буга ылайык, Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абал 10-майга чейин узартылды.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 746 адамдан коронавирус табылган. Алардын ичинен 462 адам сакайып чыкты. Сегиз адам акка моюн сунган.

23-марттан тартып, 10-майга чейин Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абал күчүндө болот. Өлкөнүн калган аймактарында өзгөчө кырдаал күчүндө кала берет.