11 адам оор абалда, ичинен 6 бейтап кайра жандандыруу бөлүмүндө

11 адам оор абалда, ичинен 6 бейтап кайра жандандыруу бөлүмүндө

Коронавирусту жуктурган 11 жарандын абалы оор деп бааланууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда стационарларда 347 адам жатат.

«Алардын ичинен 11 жарандын абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө 6 бейтап бар жана орто оор абалда 336 адам дарыланып жатат. Ошондой эле 67 жаран айыгып чыккан», — дейт ал.

Үсөнбаев белгилегендей, илдетти жуктургандар менен жакын байланышта 1359 адам, алыскы байланышта (2-категория) 5540 жаран болгон. Жалпы 947 адам обсервацияда жатат.

Бүгүн, 13-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 42 жаӊы учур катталды. Алардын жалпы саны 419 кишиге жетти. Ичинен 79 учур медицина кызматкерлеринен аныкталган. Коронавирустан 67 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыялаган.