11 бейтап оор абалда. Ичинен 7 киши кайра жандандыруу бөлүмүндө

11 бейтап оор абалда. Ичинен 7 киши кайра жандандыруу бөлүмүндө

Бүгүнкү күндө коронавирус жугузуп, стационарда жаткан 366 жарандын ичинен 11 бейтап оор абалда, алардын жетөөсү – реанимацияда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

Маалыматка караганда, COVID-19 инфекциясына чалдыккан калган бейтаптардын абалы орточо оор же канааттандырарлык деп бааланууда.

Ошол эле маалда бул илдеттен айыгып чыккандар дагы жок эмес. Бүгүнкү күнгө карата 78 адам айыгып, үйнө чыгарылган.

COVID-19 лабораториялык жактан тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 455 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал):

  • Жакын байланыштар (I категория) – 1 528
  • Башка байланыштар (II категория) – 5 977

Белгилей кетсек, Кыргызстан боюнча обсервацияда 902 адам жатат.

Бүгүн, 15-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 19 жаӊы учур катталды. Кыргызстанда коронавирусун жуктургандардын жалпы саны 449 кишиге жетти. Алардын ичинен 98и дарыгерлер.

  • Жалал-Абад облусунда – 93
  • Ош облусунда – 130
  • Ош ш. – 71
  • Чүй облусунда – 28
  • Бишкек ш. – 82
  • Баткен облусунда – 5
  • Нарын облусунда – 34
  • Ысык-Көл облусунда – 6.

Катталган учурлардын ичинен 244 аял, 205 эркек.