11-май. Коронавирус дагы 14 адамдан табылды. Айыккандары да бар

11-май. Коронавирус дагы 14 адамдан табылды. Айыккандары да бар

Бүгүн, 11-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 14  учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

•  Бишкек ш. – 6

• Чуй облусу - 1

• Ош облусу - 2

• Баткен облусу - 1

• Нарын облусу - 2

• Ысык-Көл облусу - 2

Учурда өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 1016 кишиге жетти. Бир сутка ичинде 13 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:

•  Бишкек ш. – 11

• Нарын облусу - 2

Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 688 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.